Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
НДПК партиясынын унаасынын багажы акчага толгонбу? ИИМдин жообу
11.04.2021 | 21:20
НДПК саясий партиясынын унаасынын багажында акча болгон эмес. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов Reporter.kg’ге билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда видео жарыяланып, анда НДПК партиясы шайлоочулардын добушун сатып алуу менен алектенип жатканы, алардын унаасынын багажы толгон акча экени айтылган.
Макилов билдиргендей, бир катар адамдар Биринчи Май РИИБге жеткирилип, ал жакта далилдер келтирилген.
Видео “Сейчас.kg” телеграмм-каналына жарыяланган.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө алдын ала жыйынтык боюнча НДПК партиясы шайлоочулардын 9,47 пайыз добушуна ээ болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат