68 жаштагы Сотциал Борончиев Бишкектен табылды. Бул тууралуу ыктыярдуу куткаруу отрядынын координатору Катерина Клевакова билдирди.
«Эс-тутумунун начарлашынан жапа чеккен карыя бир күн мурда саат 22.30да Кызыл-Аскерден табылды. Ал коомдук транспортко түшүп, акыркы аялдамага жеткен, бирок үйүнө кайтып келген жолду унутуп калган. Борончиевде баары жакшы, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч келген эмес», — деди ал.
Пенсионер, 20-апрелде Аалы Токомбаев атындагы көчөдө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.