Кыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот
Бишкектеги айрым шайлоо тилкелердеги добуштар кайталап саналды
21.04.2021 | 13:21
Бишкек шаарындагы айрым шайлоо тилкелериндеги добуштар кайталанып саналып чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде Боршайкомдун мекемесинде аймактык шайлоо комиссиясы референдум боюнча шайлоочулардын №№1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо тилкелердеги добуштарын коомдук байкоочулардын катышуусунда кайталап санап чыгышты.
Кайталап саноонун жыйынтыгында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуштардын саны өзгөрүүсүз калганын, техникалык мүчүлүштүктөр шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегенин билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өттү. Добуш берүү 28 шаарда жана 420 айылда жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат