Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын отставкасын президент ушул эле күнү кабыл алды. Эми Пашинян 20-июнга белгиленген парламенттик шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт. Келерки шайлоодо «Жарандык келишим» партиясы менен катышып, кайрадан премьер-министрликке талапкер болот.