Садыр Жапаров Сузакта 945 батирден турган “Асман Резиденс-4” комплексин ачтыАр бир кыргызстандык акысыз түрдө IT-көндүмдөрүн үйрөнө алат — «One Million Coders» программасы башталдыБийик тоолуу аймактардагы калктуу конуштардын тизмеси бекитилдиШайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандар айыпка жыгылдыКыргызстанда үч медиадолбоор экстремисттик деп табылды. Арасында «Temirov Live» жана «Kloop.kg» барКыргызстандык балбан Билол Шарип уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
Ош базардан кийим уурдаган адам кармалды
07.05.2021 | 14:08
Бишкек шаарындагы Ош базарда уурулук кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-майда милицияга соодагер арызы менен кайрылып, 2-3-май күндөрү Ош базарынын аймагындагы кафелердин биринен темир сандыктын кулпусун сындырып, жашыруун түрдө аялдарга тийиштүү байпак, халат, көйнөктөрдүн шымдарын жана ласиналарды уурдап кеткенин жазган. Келтирилген чыгымдын жалпы баасы 180 миң сомду түзгөн.
Бул факты 200-беренеси “уурулук” менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 38 жаштагы адам кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар же жогу аныкталып жатканын кабарланат.