Курумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерге таандык болушу ыктымал аркандар табылдыОшто бокс боюнча TURKSEN 3 эл аралык турнири өтөтКыргызстанга бажы алымы жок дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат берилди — МБКМектепте 8-класстар үчүн «Инженердик технологиялар» сабагы киргизилетЭксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөтТаш-Көмүрдөгү «Капитальная» көпүрөсү эс алуу жайына айландырылат
Ош базардан кийим уурдаган адам кармалды
07.05.2021 | 14:08
Бишкек шаарындагы Ош базарда уурулук кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-майда милицияга соодагер арызы менен кайрылып, 2-3-май күндөрү Ош базарынын аймагындагы кафелердин биринен темир сандыктын кулпусун сындырып, жашыруун түрдө аялдарга тийиштүү байпак, халат, көйнөктөрдүн шымдарын жана ласиналарды уурдап кеткенин жазган. Келтирилген чыгымдын жалпы баасы 180 миң сомду түзгөн.
Бул факты 200-беренеси “уурулук” менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 38 жаштагы адам кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар же жогу аныкталып жатканын кабарланат.