Бишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилдиКыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайт
Ысык-Көлдө сот аткаруучулар 1 млн сомдон ашык каражатын ыйгарып алышкан
10.05.2021 | 16:39
Прокурордук текшерүүдө Ысык-Көл районунда сот аткаруучулар тарабынан 1 миллион 173 миң 634 сом каражатты ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн айрым жооптуу кызматкерлери соттун чечими боюнча аталган райондун Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринин мүлкүн сатышкандан кийин, сатылган мүлктөн мамлекетке чегерилүүчү 10 пайыздык сумманы өздөрүнө сиңирип алышкан.
Келтирилген прокурордук актынын негизинде зыян толугу менен ордуна коюлду.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар