Туманбаев МИКтин үйлөрү жыш салынууда деген сындарга жооп бердиСадыр Жапаров: Кумтөр жана “Кыргызалтын” акыркы үч жылда 2 млрддоллар таза киреше таптыНарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирдиЖогорку Кеңеш салыктык жеңилдиктердин топтомун кабыл алдыЭлдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды«Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт»: Президент аялдарга карата зомбулук тууралуу үн катты
Украинада депутаттар түз эфирде мушташты – видео
14.05.2021 | 10:45
Украинанын Жогорку Радансынын экс-депутаты Олег Барна жер базарынын ачылышына байланыштуу чырдан улам “Элдин кызматчысы” фракциясынын депутаты Дмитрий Соломчук менен түз эфирде мушташа кетти.
Окуя “ПравдаТут” телеканалындагы “Эрежесиз саясат” программасынын эфиринде орун алган. Эки саясатчынын ортосунда өлкөдө жер рыногун ачуу максатка ылайыктуу экендиги жөнүндө талаш чыгып, көп өтпөй алар бири-бирине шек келтире башташкан.
Кагылышуу учурунда экс-депутат Барна Соломчукту отургучуна бас калып, бир нече жолу муштап жибергенн. Жаңжалды теле алып баруучулардын кийлигишүүсү менен токтоткон, Соломчук каршылашын басынтканын токтоткон эмес, Барна болсо аны жалганчы экенин айткан. Натыйжада экөөнү студиянын эки башка тарабына отургузуп, эфир уланган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар