Президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду

Президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 6-майда кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Жазык кодексине убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>