Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Украинада депутаттар түз эфирде мушташты – видео
14.05.2021 | 10:45
Украинанын Жогорку Радансынын экс-депутаты Олег Барна жер базарынын ачылышына байланыштуу чырдан улам “Элдин кызматчысы” фракциясынын депутаты Дмитрий Соломчук менен түз эфирде мушташа кетти.
Окуя “ПравдаТут” телеканалындагы “Эрежесиз саясат” программасынын эфиринде орун алган. Эки саясатчынын ортосунда өлкөдө жер рыногун ачуу максатка ылайыктуу экендиги жөнүндө талаш чыгып, көп өтпөй алар бири-бирине шек келтире башташкан.
Кагылышуу учурунда экс-депутат Барна Соломчукту отургучуна бас калып, бир нече жолу муштап жибергенн. Жаңжалды теле алып баруучулардын кийлигишүүсү менен токтоткон, Соломчук каршылашын басынтканын токтоткон эмес, Барна болсо аны жалганчы экенин айткан. Натыйжада экөөнү студиянын эки башка тарабына отургузуп, эфир уланган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар