Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчөт
17.05.2021 | 09:35
Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ысык суу 17-июнга чейин жок болот. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом