Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды
28.05.2021 | 13:44
Аскер кызматкерлери көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арачылар күнүн жана Куралдуу Күчтөрүнүн күнүн майрамдоого байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, бир катар аскер кызматкерлери “Эрдик”, “Даңк” медалдары жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышкан.
Сыйлык алгандар менен бул жерден тааныша аласыздар.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат