Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Бүгүнкү күнгө карата май куючу жайлардагы баа
28.05.2021 | 14:36
Бишкектеги май куюучу жайлардын ири тармактарынын расмий сайттарында 2021-жылдын 28-майында саат 10:40ка карата АИ-92 бензининин орточо баасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу “Акчабар” жазып чыкты.
Борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 бензининин орточо баасы 49,4 сом. Май куюучу жайларда дизелдик отундун орточо баасы 45,2 сом, суюлтулган газ 25,1 сомду түзөт.
АИ-92 бензининин эң төмөнкү баасы 49,3 сом, жогорку октандык АИ-95 50,5 сом. АИ-98 бензини эки май куюучу тармактар тарабынан сунушталат: “Газпром нефть” 54,9 сомдон жана “Бишкек Петролеум” литрине 56,3 сомдон.
Дизелдик отундун минималдык баасы 44,9 сом. Суюлтулган газ үч май куючу жайда сунушталат:
“Партнер нефть” – 24,3 сом;
“Бишкек Петролеум” – 24,3 сом;
“Газпром нефть” – 25,9 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом