Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Садыр Жапаров: Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабайт
31.05.2021 | 10:15
Президент Садыр Жапаров “Россия 1” телеканалына берген маегинде, Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон жолугушуусуна оң баа берген.
“Кыргызстандын тагдырына Орусия, Владимир Владимирович Путин кайдыгер карабайт. Биз дайыма союздаш өлкөбүз жана соода-экономикалык өнөктөшпүз, андыктан биз алгачкы кезекте Кыргызстандын өнүгүүсүн сүйлөштүк. Жалпылап айтканда, биздин жолугушуубузга мен канааттандым”, – деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн президенттери 24-майда Сочи шаарында жолуккан. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташуунун келечеги жана кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат