БШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири
Садыр Жапаров: Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабайт
31.05.2021 | 10:15
Президент Садыр Жапаров “Россия 1” телеканалына берген маегинде, Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон жолугушуусуна оң баа берген.
“Кыргызстандын тагдырына Орусия, Владимир Владимирович Путин кайдыгер карабайт. Биз дайыма союздаш өлкөбүз жана соода-экономикалык өнөктөшпүз, андыктан биз алгачкы кезекте Кыргызстандын өнүгүүсүн сүйлөштүк. Жалпылап айтканда, биздин жолугушуубузга мен канааттандым”, – деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн президенттери 24-майда Сочи шаарында жолуккан. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташуунун келечеги жана кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат