Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын сүрдүрүүнү тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу
18.09.2019 | 14:41
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 5 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен төртөө баштапкы тартипте иштеп жатат.
Ал эми «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 17-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрмө бекеттен эч кандай чектөөсүз өтө алышат.
Учурда Чек ара кызматынын аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом