Бишкектин Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алып кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де сабалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эки шектүү камеранын ичинен сабалган. Алардын эч жери сынган эмес. Бирок алардын колдоруна гипс салынган. Шектүүлөр учурда №47 абакка которулду.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Кылмышка шектүү ага-ини камерада ар кандай кылмыштар боюнча шектелген адамдар менен отурушат.