Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев камакка алынды
25.09.2019 | 09:26
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынды.
Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Сагымбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча шектүү катары эки суткага камакка алынган. Азырынча маалыматты расмий органдардан тактоого мүмкүн болбой жатат.
Буга чейин бир нече басылмалар жактоочу Замир Жоошевге таянып, Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен видео аркылуу куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдаган.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети муну чектке кагып, анын жумуштан алынышын куралын тапшырбай койгону жана журналисттерге маалымат бергени менен байланыштырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат