Бишкек: Сулуулук салондон өрт чыкты

09.09.2021 | 13:32

 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкек шаарынын Садырбаев көчөсүндөгү сулуулук салонунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.  Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө №28 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 19:33тө өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен сулуулук салонунун 20 чарчы метр асма шыбы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Scroll to Top