БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Талас: Шаарга 29 жашар вице келди
09.09.2021 | 17:03
29 жаштагы Асылбек Рахманов Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп шайланды. Бүгүн Талас шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шайлоо болуп, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шайланды.
Асылбек Рахманов 1992-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган. 2018- 2020-жылдарга чейин аталган университетте мугалим болуп иштеген. 2015-жылдан баштап бейөкмөт уюмдарында эмгектенгени айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат