Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Чүй: Жер берем деп, унааларын алдап алып кеткен киши кармалды
10.09.2021 | 10:41
«Субару Легаси», «Ниссан Блюбёрд» унааларын жер тилкелерин алып берем деп алдап алган киши колго түштү. Бул боюнча Сокулук райондук милиция билдирүү таратты.
Ал Сокулук районунун Ново-Павловка айылынан турак-жай салына турган жер тилкесин алып берем деп эки уунаны алдап алган. Бул унаалар 516 миң сомго бааланууда. Милициянын иш аракетинен улам, 60 жаштагы З.Б. атту жаран кылтакка илинген.
Буга чейин 2017-жылы да ошол эле Ново-Павловка айылынан турак-жай салына турган жер тилкесин алып берем бирөөлөрдү алдап 343 миң сомду кымырып алган. Кийин анын айдоо жер экени ачыкталган.
Учурда тергөө иштери болуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом