Түркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдүБишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады
Камактан качкан коркунучтуу кылмышкер колго түштү
11.09.2021 | 11:12
Адилет Сагынбеков атту 1994-жылы туулган кылмышкер Бишкектен кармалганын Чүй облустук милициянын басма-сөз кызматы билдирди.
Чүй-Бишкек күч органдары биргеликтеги аракетинен улам, Адилет Сагынбековду Бишкек шаарынын Теңдик конунушан колго түшүргөн. 10-сентябрь күнү 15:50 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына алып келип, ал ошол имараттын оозунан качып кеткен.
Адилет Сагынбеков 1994-жылы туулган. 10-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарынын 1-тергөө абагына которулган.
Ага Ысык-Ата райондук соту Жаза кодексинин 352-берене боюнча (Жаза аткаруу кызматынын кызматкерине коркутуу күч колдонуу ) кылмыш жообун тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар