Бишкек троллейбус башкармалыгы 120 электробустардын келгенине байланыштуу айдоочуларды издеп жатат. Бул жарыяны мэриянын басм-сөз кызматы таратты.
Маалыматта, “Д” категориясындагы троллейбус айдоочусу талап кылынат, 3 жылдан ашык тажрыйбасы болушу керектиги айтылат.
Ошондой эле ар кандай кырдаалдарга туруктуу, нерви бекем болушу шарт деп жазылат жарыяда.
Бирок, канча айдоочу керектиги айтылган эмес.