Нурзат Нуртаева жаштар арасында дүйнө чемпиону болду24-октябрдын аба ырайы: Өлкөдө күн ачык жана булуттуу болотБаңгизаттын таасиринде болгон. Бишкекте аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалдыБишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда
Милициялар дрон менен иштегенге үйрөнүп жатышат
13.09.2021 | 16:29
Кыргыз милициясы Орусиянын баңгизатка каршы күрөшүү кызматкерлеринен дрон менен иштөөнүн сырларын үйрөнүп баштады. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында атайын машыгуу болуп, ага Ички иштер министринин орун-басары Нурбек Абдиев барды. Бул туурасында аталган министрликтин басма-сөз кызматы билдирди.
Машыгууда компетенттүү органдары кылмышкерлерди издөө, дайынсыз жоголгондорду табуу, жапайы кара куурайдын өскөн жерлерин картага түшүрүү, ошондой эле дрондордун жардамы менен кыймылдап бара жаткан объекттерди көзөмөлдөө боюнча окуу тапшырмаларын иштеп чыгышат.
Муну менен катар адистештирилген жабдуулардын акыркы үлгүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалып жатыптыр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом