Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
ЕАЭБ боюнча Казакстанда бензин эң арзан
22.09.2021 | 10:30
Казакстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин орточо баасы 34,5 сомду түзөт (Улуттук банктын курсу боюнча). Бул ЕАЭБдеги эң төмөн баа, деп билдирди Монополияга каршы мамлекеттик кызматы.
Мекеменин маалыматы боюнча, Орусияда ушул эле маркадагы бензиндин орточо баасы 53,9 сомду, Кыргызстанда 57,5 сомду, Беларусияда 67,2 сомду, Арменияда 78,7 сомду түзөт.
Дизель майынын баасы төмөнкүчө:
- Казакстан – 40,3 сом;
- Кыргызстан – 51,7 сом;
- Орусия – 58,7 сом;
- Беларусь – 70,6 сом;
- Армения – 77 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика