Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Балыкчы-Кара-Кече темир жолун кытайлар куруп калышы мүмкүн
22.09.2021 | 10:35
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирилет. Бул боюнча “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Кытай темир жолдору №3 инженердик корпорациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул документ Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлган.
Жакын арада бул кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргызстанга келип, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика