Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Баткен: Тажик тарап эки окуучуну кармап кетти
24.09.2021 | 12:35
Лейлек районунун Жаштык айылынан 11-класстын окуучуларын Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” балдардын биринин атасы – Азам Гапаров билдирип, аны айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктаган.
Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.
Ал эми Баткен облустук милиция маалыматты тактап жатканын Reporter.kg ге билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом