Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыланды
Баткен: Тажик тарап эки окуучуну кармап кетти
24.09.2021 | 12:35
Лейлек районунун Жаштык айылынан 11-класстын окуучуларын Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” балдардын биринин атасы – Азам Гапаров билдирип, аны айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктаган.
Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.
Ал эми Баткен облустук милиция маалыматты тактап жатканын Reporter.kg ге билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом