Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Эл аралык хоккей федерациясына кыргыз башчы болду
26.09.2021 | 10:59
Кыргыз жигити Айваз Оморканов Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, спорттук уюмдун жетекчилигине шайлоо Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн.
Айваз Оморканов 1996-жыл Бишкек шаарында туулган. Ал эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алган. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуган.
Ал триатлет, триатлон боюнча Кыргызстандын чемпиону, аталган спорттун түрүнөн спорттун чебери. Ал буга чейин Кыргызстандын хоккей федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн менеджери болуп эмгектенген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт