Тойдо ок чыгарган мактанчаактар табылды

Тойдо ок чыгарган мактанчаактар табылды

 

АК74 мылтыгынан бир канча ок чыгарган. Өзгөн районунун Зергер айылында 21 жаштагы баласынын үйлөнүү той болуп жаткан кезде асманга аткылашкан. Бул туурасында Ош милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, ал уулунун тоюнда атайын асманга ок чыгарууну мурунтан ойлонуп, 32 миң рублга Москвадан сатып алган. Дүкөнчүлөр эч кандай документ, уруксаат кагаздын кереги жок сатылат дегенден алган экен атасы.

Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул ок атуунун видеосу “WhatsApp” мессенжери аркылуу ачыкка чыгып кеткен.

 

121-берене. Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу.

Калктуу конуштарда, калктуу конуштардын чегинен тышкары адамдар көп жүргөн жерлерде жана атууга болбой турган башка жерлерде ок атуучу куралдан мыйзамсыз атуу, — I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>