«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясын” Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартты. Бул туурасында аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган партия 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоого катышуу үчүн ниетин билдирген.
Бардыгы болуп 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Андан соң каттоо маалында “Эркин Кыргызстан” менен “Эне жүрөгү Мекен” партиялары да шайлоого катышуу укугунан ажыраган.