Жапаров: Мындан ары парламентти «чимкириктер» деп атай албайсыңар

Жапаров: Мындан ары парламентти «чимкириктер» деп атай албайсыңар

Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу 26-сентябрда президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун эли менен баарылашуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымына караганда, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Анын ичинен 36 бир мандаттуу округдан шайланат же аларды шайлоочулар түздөн-түз шайлашат. Ал эми 54 депутат партиялык тизме аркылуу келет. Анда шайлоочулар партия үчүн гана добуш бербестен, өткөн шайлоодон айырмаланып партиянын ичинен кайсы талапкерди шайлагылары келсе, ага добуштарын бере алышат.

«Мындан кийин жаңы шайланып барган парламентти «чимкирик» деп атай албайсыңар. Бирөөнү дагы. Кимди чимкирик десеңер, өзүнөрдү өзүнөр «чимкирик» деген болосуңар. Ушундай шарт түзүп бердим. Эми калганы өз колуңарда. Сатылбагыла, добушуңарды сатпагыла.

Барына эскертүү берем. Акимдер, облус башчылары, райондук ички иштер башкармалыктары, министрлер кабинети жана мамлекеттик кызматкерлер бир дагы партияга же бир талапкер үчүн иштебейт. Эгер андай боло турган болсо, ал арызын жазып иштен кетет. Болбосо биз аларды ошол замат иштен алабыз»,- деди Жапаров.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт.  Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 34 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>