Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Эки аким алмашты
27.09.2021 | 11:52
Президент Садыр Жапаровдун тиешелүү буйругуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп Бактибек Анаркулов дайындалды. Ал эми Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев болуп калды. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мурда Бактибек Анаркулов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун-басары болуп эмгектенген.
Ал эми Дамир Кулубаев 2017-2018 ж.ж. Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат