Кыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм тасма тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат
Тажик тарап Уразбек Мирзоевди кармап кетти
27.09.2021 | 12:07
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну, 26 жаштагы Уразбек Мирзоевди кармап кеткен. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратты.
Алардын болжолдуу маалыматтарына караганда, кыргызстандык жаран ошол маалда Тажикстандын аймагында маршруттук таксиде келинчеги (Кыргызстандын жараны) менен Тажикстан аймагындагы Жигдалак айылында Худжанд-Канибадам автожолунда кетип бара жаткан.
Мирзоевди келинчеги менен кошо колго түшкөн.
Ушул тапта Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын Согди облусунун тиешелүү жетекчилери менен бул жаатта сүйлөшүүнү пландап жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат