«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Министр Шыкмаматов депутаттардын жемесине калды
27.09.2021 | 13:46
Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кенештин финансы комитетинин жыйынында депутаттардын жемесине кабылды. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов министрликтен келген өкүлдөргө кайрылып Алмамбет Шыкмаматовдун келбей калганына нааразылыгын билдирди.
“Азыркы министр, мурдагы коллегабыз Алмамбет Шыкмаматов депутат болуп турган кезде министрлер өздөрү келсин, өздөрү депутаттардын астында бардык маселени айтып, каражат кайсы жакка жумшалаарын, кандай гана суроолор болбосун министрлер өздөрү жооп берсин деп талап кылаар эле, эми өзү министр болгон кезде келбей койгону туура эмес. Алмамбет Насыркановичке айтып баргыла, өзү келсин!” деди эл өкүлү.
Ошондой эле депутат министр өзү келсе суроо мынчалык көп болмок эместигин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат