Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Атамбаевди сот залында кол чабуулар менен тосуп алышты – видео
27.09.2021 | 15:07
Бүгүн, 27-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.
Сот Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жатат. Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын ден соолугунун абалынын начарлашына байланыштуу тергөө мөөнөтүнө камактан бошотууну суранышкан. Сот өтүнүчтү четке каккан. Ал No 47 абакта кармалып турат.
Эскерте кетсек, экс -президентти күч менен сотко алып келүү аракети атайын операция менен аяктаган, анын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери барымтага алынган, ондогон жарандар жаракат алган. Алмазбек Атамбаев эртеси күнү кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом