Аба ырайы: 19-февралда өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт

Аба ырайы: 19-февралда өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт

Эртең, 19-февралда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Эртең Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус болот.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 18-февралдан 21-февралга чейин  жаан-чачын болору күтүлөт. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>