Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Абайлаңыз сүрөт! Милиция Ысык-Көлдөн табылган сөөктүн өздүгүн тактоону суранат
20.12.2021 | 11:02
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы 16-декабрда Семеновка жана Ананьево айылдарынын ортосунда (Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун түштүк тарабынан 12 метр алыстыкта) табылган европа улутундагы адамдын жансыз денесин аныктоону суранат. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 175-180 см, 55-60 жашта, арык денелүү, сол далысында өчпөс оттун үлгүсүндөгү «МВО» жана 1978-1980-жж. татуировкасы бар.
Кийген кийимдери: аялдардын күрөң пальтосу, кара түстөгү Adidas логотиби бар спорттук шым, ак жана кочкул көк түстөгү көйнөк, кара резина көлөч.
Милиция табылган өлүктүн өздүгүн тактоого көмөк көрсөтүүнү суранууда. Сүрөттөгү адам тууралуу билгендер 0709203087, 0394343980 же 102 номурларына чалыңыздар.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом