Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Абакка маңзат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды
17.01.2024 | 22:24
Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесине баңги каражаттарын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-январда түзөтүү мекемелердин аймагына тыюу салынган предметтердин жана заттардын келип түшүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө С.Н.Э. аттуу жаран кармалган. Анда жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган.
Кармалган С.Н.Э маңзат каражаттарын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н.К. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөн.
Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук ИИБге өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар