Он бир журналист эки айга камалды

Он бир журналист эки айга камалды

Бүгүн, 17-январда Биринчи май райондук соту кечээ кармалган 11 журналист боюнча чечим чыгарды — алар эки айга, 2024-жылдын 13-мартына чейин СИЗОго камакка алынды.

Алар: 

— Махабат Тажибек кызы (Temirov Live).

— Сапар Акунбеков («Айт айт десе»).

— Азамат Ишенбеков (акын «Айт айт десе»).

— Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»).

— Актилек Капаров («Алга Медиа»).

— Тыныстан Асыпбеков («ПолитКлиника»).

— Максат Тажибек уулу (Temirov Live).

— Жоодар Бузумов.

— Жумабек Турдалиев.

— Айке Бейшекеева.

— Акыл Орозбеков.

Белгилей кетсек, 16-январда милиция кызматкерлери “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин кармап кеткен.

Милиция 10 журналисттин үйүн тинтип, суракка алып кетти. ИИМ үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>