Бишкектеги абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун сөөгүн жакындарына берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, анын сөөгүн кечээ, 30-июлда жакындары алып кетишкен.