Анын маалыматына караганда, катаал шартта кармалган Рахматуллев шейшемби күнү түштөн кийин дисциплинардык изоляторго которулуп, сөөгү ошол жерде табылган.
«Дисциплинардык изолятордо эмне болгону белгисиз, бирок түрмөдөгүлөр анын кыйкырганын угушкан. Рахматуллаев асынып алганы тууралуу кабар тарагандан кийин камактагылар анын сөөгүн талап кылышкан. Кызматкерлер эч кандай сөөк жок экенин айтышкандан кийин тамактан баш тартып, козголоң чыгарып, идиш-аяктарды сындыра башташкан. Көп өтпөй жетекчилердин бирөө келип, Рахматуллев асынып алганын айтып анын сүрөтүн көрсөткөн», — деп жазды Семенова.
Анын айтымында, азырынча камактагы адамдын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.
Жазаларды аткаруу кызматынын Алматы облустук башкармалыгы Рахматуллаевдин асынып алганын ырастап, бирок абакта эч кандай козголоң болбогонун билдирди.