«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» мааракелик белгиси менен мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор, маданият, спорт жана башка тармактардын өкүлдөрү сыйланышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, аталган сыйлык бир катар адамга Кыргызстандын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн берилген.
Сыйлык алгандардын катарында маркум мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул жана башкалар бар.
Абдрахманов Жусуп | – | азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин);
|
Айдарбеков Иманалы | – | азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин);
|
Арабаев Ишеналы | – | азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин);
|
Орозбеков Абдыкадыр | – | азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин);
|
Сыдыков Абдыкерим | – | азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата (каза болгондон кийин);
|
Айтматов Төрөкул | – | советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер (каза болгондон кийин);
|
Исакеев Баялы Дикамбаевич | – | советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер (каза болгондон кийин);
|
Раззаков Исхак | – | советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер (каза болгондон кийин);
|
Тыныстанов Касым | – | поэт, лингвист, драматург, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер (каза болгондон кийин);
|
Аалиев Гулжигит Кенжекараевич | – | Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
|
Абдрахманов Болотбек Джумашович | – | “Ата-Бейит” улуттук мемориалдык-тарыхый комплексинин директору;
|
Абдрахманова Зуура | – | Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;
|
Абдылдаев Мыктыбек Юсупович | – | Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси (жооптуу катчы), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;
|
Абыкеев Чолпонбек | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
|
Ажиев Садабек Ботобекович | – | скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич | – | музыкант, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Айдарбеков Эдил | – | архитектор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун тең автору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Акималиев Жамин Акималиевич | – | айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер;
|
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | – | академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Т. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору;
|
Актанов Табылды Тыныбекович | – | обончу, драматург, театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Ахунбаева Нелли
Исаевна
|
– | медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
|
Алыбаев Курулушбек Сатиевич | – | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы подполковник;
|
Арыков Курманбек Жороевич | – | “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, “Нарынгидрострой” ачык акционердик коомунун ардагери, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары;
|
Асанканов Абылабек | – | тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер;
|
Асейинов Мукун Асейинович | – | коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Баймурзаева Халысхан Былыковна | – | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 35 “Комсомол” жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими;
|
Бебезов Хаки | – | медицина илимдеринин доктору, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
|
Бегалиев Муратбек Акимович | – | композитор, А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Борубаев Назирбек Нарматович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
|
Борубаев Алтай Асылканович | – | физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Галако Татьяна
Ивановна |
– | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык психология, психиатрия жана наркология кафедрасынын башчысы;
|
Джалгасынова Дарика | – | опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Джаманбаева Тамара Кусеиновна | – | теледиктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Джумагулов Апас | – | мамлекеттик жана саясий ишмер, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси;
|
Джумалиев Сардарбек | – | композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Дуйшеев Шайлообек | – | Кыргыз Республикасынын эл акыны;
|
Жапаров Акылбек Усенбекович | – | мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;
|
Жоробекова Шарипа | – | химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Жумагулов Аскарбек Жумагулович | – | Чүй облусунун Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;
|
Иманкулов Марат Муканович | – | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
|
Исаков Бектур
Сыдыкович |
– | Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери, Кыргыз Республикасынын эл мугалими;
|
Исмагулова Айша | – | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
|
Кабаев Акбаралы Саринжиевич | – | “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты;
|
Кадыров Мавлянкул Ганиевич | – | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы подполковник;
|
Казаков Тугелбай Токтогулович | – | композитор, Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Кайыпов Сулайман Турдуевич | – | тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович | – | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
|
Касымалиев Адылбек Алешович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
|
Кочкоров Нышанбек Тиллебаевич | – | журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Кудаяров Дуйша Кудаярович | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неоноталогия курсу менен госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Кулов Феликс Шаршенбаевич | – | мамлекеттик жана саясий ишмер;
|
Курманов Зайнидин Карпекович | – | тарыхчы, архивист, саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор;
|
Кыдыкманов Эмильбек Сагындыкович | – | Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин жардамчысы;
|
Кылжыров Мина | – | пенсионер;
|
Мадаминов Гапыр Маматкулович | – | Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;
|
Мадыбаев Мухтарбек Жапарович | – | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник;
|
Максутов Бактыбек | – | жазуучу, драматург, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Мамбеталиев Аскар Мамбеталиевич | – | пенсионер, Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер;
|
Мамбеталиев Искендер Султанович | – | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник;
|
Мамбеталиев Мунур | – | Талас облусунун Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер кеңешинин төрагасы;
|
Мамытов Миталип | – | “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүүнүн нейрохирургия кафедрасынын башчысы;
|
Масиров Кошбай | – | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;
|
Матаев Жусуп | – | сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун тең автору, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
|
Матубраимов Алмамбет | – | Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы;
|
Молдоева Гулшан Абыкаевна | – | теледиктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Молдокасымов Кыяс Сатарович | – | тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Мусаев Сыртбай Жолдошович | – | филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Мусакожоев Шайлобек | – | экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;
|
Ормокоев Асылбек Джекшеналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы генерал-майор;
|
Ормушев Асан Сулайманович | – | тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
|
Орозалиев Кыдырма Абышевич | – | Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер;
|
Осмоналиев Каныбек | – | оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону;
|
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Өмүрканов Анатай | – | жазуучу, Кыргыз Республикасынын эл акыны;
|
Пазылов Асанбай Табанович | – | “Пүлгөн Жаңы-Жер” коомдук бирикмесинин төрагасы, Баткен облусунун Кадамжай району;
|
Полотов Улукмырза | – | опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Раев Султанбай
Акимович |
– | Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
|
Разаков Талант Жаныбекович | – | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник;
|
Садыков Тургунбай Садыкович | – | скульптор, СССРдин эл сүрөтчүсү, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси;;
|
Садыкова Саламатхан Момуновна | – | ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Салиев Союзбек Сатыбалдиевич | – | “КАОПА” Кыргыз учкучтарынын жана авиаторлорунун ассоциацияланган бирикмесинин төрагасы;
|
Сариева Жумабубу | – | “Chapan” студиясынын жетекчиси, Бишкек шаары;
|
Сартбаева Кайыргуль Сартбаевна | – | опера ырчысы, СССРдин эл артисти;
|
Сейдракманов Назаркул Эшенкулович | – | манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Сильченко Владимир Иванович | – | “Аэро Номад Эйрлайнс” жоопкерчилиги чектелеген коомунун Airbus А320 аба кемесинин командири, Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер;
|
Суталинов Абдыбек Асанкулович | – | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын экс-орун басары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;
|
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси; |
Тиленов Закир Керимович | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 10-башкармалыгынын башкы адиси, генерал-майор;
|
Токтахунова Самарбубу | – | комузчу, СССРдин эл артисти;
|
Турапов Каримберди Ырысалиевич | – | опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Уметалиев Юсупжан Калжигитович
|
– | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык жана оперативдик хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
|
Усенбаев Мир (Замирбек) Алымкулович | – | төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
|
Чаланов Ишенбек | – | Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;
|
Чотбаев Абдыгул Абдырашитович | – | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы генерал-полковник;
|
Чотурова Бактыгул | – | акын, журналист, драматург, Кыргыз Республикасынын эл акыны;
|
Чыныбаев Тапа
Макеевич |
– | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы подполковник;
|
Шаяхметов Давлетша Белекович | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын хирургиялык стоматология жана бет-жаак хирургиясы кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу; |
Шепеленко Александр Иванович | – | журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
|
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | – | филология илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер. |