«Абдыш-Ата» футбол клубу үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Кечээ, 5-ноябрда Кант шаарында өлкөнүн премьер-лигасынын алкагында «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» беттеши өттү. Бул оюнда «Абдыш-Ата» 1:0 эсебинде женишке жетти. Бул жеңиши менен клуб мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду.
Жеңүүчүлөргө Кыргыз футбол биримдиги тарабынан 50 миң доллар акчалай сыйлыктын фертификаты тапшырылды.