УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
Токмокто тургунду талаага алып барып, сабашкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды
06.11.2024 | 10:11
Чүйдүн Токмок шаарында адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-октябрда Токмоктун милициясына шаар тургуну (Т.М.) арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 30-сентябрда кечки маал Токмокто эки адам аны темир түтүктөр менен сабап, андан кийин унаага отургузуп, Ак-Бешим айылындагы талаага алып барган. Ал жактан да аны ур-тепкиге алышкан.
Аталган факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сабалган жарандын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы жаран (М.С.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланып, экинчи шектүүнү издеп-табуу иштери жүрүүдө.