Абиров катышкан мушташ. Тармактык комитет прокурордун сунушун карайт

15.03.2023 | 10:55

Башкы прокурордон депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев 15-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине сунушту танаписте карап, парламенттин жыйынында корутундусун берүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени кабарланган. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучу кандай жаракат алганын Reporter.kg’ге айтып берген.

13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Депутат Абиров катышкан мушташтын видеосу: Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top