Депутат Абиров сабалган жигиттен жана элден кечирим сурады

Депутат Абиров сабалган жигиттен жана элден кечирим сурады

Бишкекте, 12-мартка караган түнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерин сабаган Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жабырлануучудан жана элден кечирим сурады.

Депутат билдиргендей, ал болгон окуя боюнча жоопкерчилик тартууга даяр.

«Урматтуу кыргызстандыктар, мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет», — дейт ал.

Абировдун айтымында, ал эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашы керек болчу.

«Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле, окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм.

Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучу кандай жаракат алганын Reporter.kg’ге айтып берген.

13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>