Башкы прокурор депутат Абировду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламентке сунуш киргизди

Башкы прокурор депутат Абировду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламентке сунуш киргизди

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Башкы прокуратурага Бишкек шаардык милициясынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

Иштин материалдарына ылайык, 12-мартта саат 01:46 чамасында коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Ж. жана А.А. уулу чакыруу боюнча «Золотой Дракон» ресторанына барган. Ресторанга келген учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баш болгон мас абалындагы (болжол менен) 7-8 адам аларды эч себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден-соолугуна зыян келтиришкен.

«Кыргыстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иш козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

Ошондуктан, Башкы прокуратура Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени кабарланган. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучу кандай жаракат алганын Reporter.kg’ге айтып берген.

13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Депутат Абиров катышкан мушташтын видеосу: Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>