Абшыр-Атада суудан өтө албай калган 1300 адам куткарылууда (видео)

Абшыр-Атада суудан өтө албай калган 1300 адам куткарылууда (видео)

Ноокат районунда жүргөн селден улам 1300 адам Абшыр-Ата шаркыратмасына жакын жерде суудан өтө албай камалып калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июнда жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.

Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, үч чакырым жерди суу алып кетип ошол суудан өтүшкөн.

Суунун аркы бетинде 1300дөй адам суудан өтө алышпай калып калгандыгы аныкталган. Учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Ноокат районунда сел жүрүп, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алты адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бири изделип жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>