Абылгазиев: Аялдарга жасалган зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек

Абылгазиев: Аялдарга жасалган зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек

Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. Мындай пикир премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган билдирүүсүндө айтылат.

Өкмөт башчы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген   үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат. Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт”, — деген өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдар муну адам укуктарын жана эркиндигин бузбаган көрүнүш катары көрүшөрүн жашырган эмес.

«Жакындарына карата агрессия көрсөткөн адамдар арабызда жүрүшөт. Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы”, — деп баса белгилеген Абылгазиев.

Муну менен катар үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасын берген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>